КАРАҢГЫЛЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жарыгы жоктук, түн болгондук, жарык эместик. Асман улам барган сайын түнөрүп, жер бетиндеги караңгылык коюулана берди (Абдукаримов). Күн батып, уламдан-улам жер бети караңгылыктын кучагына кирди (Жантөшев). Караңгылык тоонун аппак жүзүн да көрсөтпөдү (Каимов). 2. өт. Кат тааныбагандык, окубагандык, билимсиздик, түшүнүгү, аң-сезими өнүкпөгөндүк. Окуу – жакшылык, окуусуз –караңгылык (макал). Караңгылыгыман ушул күнгө туш келдим (Бектенов). Караңгылык курусун, болуштун лампасына көрүндүк бергенибиз да ырас (Сыдыкбеков).